БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын рыногундагы россиялык инвесторлорду жана бизнесмендерди коргоо күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Бул тууралуу Россиянын КРдеги элчиси ишкерлер менен болгон жолугушууда айтты.
Элчи менен өлкөдө иш алып барган россиялык ишкерлер бизнес жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулашты.
"Россия Кыргызстандын союздашы экенин ишенимдүү түрдө айта алам. Жакынкы күндөрү Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүү маселеси боюнча өкмөт башчылардын деңгээлинде телефон аркылуу сүйлөшүү болот. Өз кезегинде бизден эмне көз каранды болсо, баарын жасайбыз", — деди дипломат.
РФ элчиси россиялык ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселесин көтөрдү
Ал эми бизнесмендер аларды тынчсыздандырып жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып, чечүү жолдорун сунуштады.