БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. 8-9-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ага ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда аба ырайы бузулбайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
9-ноябрда күндүз дээрлик бардык облустарга жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. Кыргызгидромет абанын температурасы төмөндөй турганын эскертти.