COVID-19 дагы төрт кишинин өмүрүн алды

Коронавирус инфекциясын жеңе албай калгандар Бишкек менен Баткенде дарыланып жаткан. Марттагы пандемиядан бери көз жумгандардын саны 1 159га жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Республикада өткөн суткада коронавирус инфекциясынан төрт киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, көз жумгандардын экөө Баткенде, дагы экөө Бишкекте болчу.

Марттагы пандемиядан бери көз жумгандардын саны 1 159га жетти.