Өлкөдө 400 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 60 миңден ашты

Бир сутка ичинде жуктургандарга салыштырмалуу айыккандардын саны 147 адамга көп болгон. Бирок оору аныкталган учурлардын саны өлкөдө 60 миңден ашты.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 400 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле учурда 547 адам ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 9;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 33;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 97;
  • Баткен облусу – 68.

Кийинки жумада Гансиде COVID-19га чалдыккандар үчүн 250 орун даярдалат

Айыккандар:

  • Бишкек – 125;
  • Ош шаары – 22;
  • Чүй облусу – 65;
  • Ош облусу – 117;
  • Талас облусу – 12;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 96;
  • Баткен облусу – 66.

COVID-19 дагы төрт кишинин өмүрүн алып кетти

Жалпы статистиканы карай турган болсок, КРде коронавирус жуктургандардын саны 60 279га жетти. Анын ичинен 51 288 адам ооруну жеңди. Тилекке каршы, дарт 1 159 адамдын өмүрүн алган.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алардын үчөө Баткенде, бирөө Ош облусунда жана Чүйдө бирөө. Ошол эле маалда 19 медик ооруну жеңип чыккан.