Көк бөрү боюнча президенттик кубоктун алгачкы оюндары өттү. Жыйынтыктары

Бүгүн I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Эртең жогорку лиганын спортчулары майданга чыгышат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 3-ноябрда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу старт алды. Бул тууралуу Улуттук көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Мелдештин биринчи күнү I лигадагы командалардын тайпалык этаптагы алгачкы туру жыйынтыкталды. Анда "Сокулук" атаандашы "Четинди" командасын 9:0 эсебинде утту. Мындан сырткары, "Жети-Өгүз" — "Таш-Булак" 5:0, "Мурас" — "Ай-Тамга" 5:2 жана "Жумгал" — "Суусамыр" 4:3 эсеби менен жыйынтыкталды.

Көк бөрү: Манас Ниязов "Достуктан" кетип, башка командага кошулду

Жети-өгүздүк спортчу Азим Болот уулу атаандаштын тай казанына төрт салым салып, бомбардирлер тизмесинде алдыга чыкты.

Эртең аталган лигада тайпалык беттештер уланат. Саат 12:00дө жогорку лиганын көк бөрүчүлөрү майданга чыгышат. Анда "Ынтымак" — "Сары-Өзөн" жана "Достук" — "Кара-Буура" командалары беттешет.

Жылда өтүп жүргөн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун алкагында ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер пландалган.

Программасы:

• 3-7-ноябрь — көк бөрү боюнча турнирдин алдын ала беттештери;

• 7-ноябрь — көк бөрү боюнча 3-орун үчүн кармаштар жана эр эңиш, салбурун боюнча мелдештер;

• 8-ноябрь — көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу адегенде октябрь айына https://sputnik.kg/sport/20200820/1049372125/kok-boru-prezidenttin-kubogu-meldeshi-oktyabrga-zhyldyryldy.html жылдыруу чечими кабыл алынган болчу.