Кийинки жумада Гансиде COVID-19га чалдыккандар үчүн 250 орун даярдалат

Шаршемби күнү керектүү техникаларды жана медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталары белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бир жуманын ичинде мурдагы "Ганси" авиабазасындагы "Семетей" госпиталы COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды кабыл алууга толук даяр болот. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жолугушуп, коронавируска чалдыккандарды кабыл алууга даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө, лабораториядан тышкары госпиталь толугу менен даяр экендиги аныкталды. Жандандыруу бөлүмүндө 35 орун, дарылоо бөлүмүндө 250 орун бар. Муктаждык жаралса керебеттердин саны көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

4-ноябрдан баштап керектүү техникаларды жана медициналык жабдууларды орнотуу иштери башталары белгиленди.