Финпол төө буурчактын баасын негизсиз арзандаткан алып сатарларды аныктады

Комиссиянын ишинин натыйжасында төө буурчактын баасын 10 сомго чейин жогорулатууга шарт түзүлгөнү белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Талас облусунда төө буурчактын баасын атайылап арзандатып жаткан фактылар аныкталды. Бул тууралуу Финполдун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев алгачкы кеңешмесинде төө буурчактын баасын жасалма түрдө арзандатып келген алып сатарлардын ишине бөгөт коюу тапшырмасын берген.

Анын алкагында Финпол Талас облусунун жергиликтүү бийлиги жана Салык инспекциясы менен биргеликте комиссия түзгөн.

"Рейддин алкагында ишмердүүлүгү салык органдарында катталбаган тараптар Талас облусундагы фермерлерден өтө арзан баада төө буурчак сатып алып жаткан бир нече фактылар аныкталды. Алар алган товарды кайра кымбат баада сатуу максатын көздөгөн. Мындан ары бааларга мониторинг жасалып, сатып алуучулар менен бааны негизсиз төмөндөтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Таластын төө буурчагы 28 өлкөгө экспорттолуп, Македонияга чейин жетти

Бул иштердин натыйжасында төө буурчактын баасын жогорулатууга шарт түзүлгөнү белгиленет.

Ага ылайык, ушул жылдын октябрь айында дыйкандар "лопатка" сортундагы төө буурчакты 67-70 сомдон сатышса, ноябрда 86-88 сомго чыкты. Ал эми түстүү төө буурчак октябрда 80-85 сом болсо, азыркы баасы 96-100 сомго жетти.