Радио

Арипов: өлкөдө электрондук коммерцияны өнүктүрүү мерчемделүүдө

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин экспортту илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Арипов электрондук коммерциянын экспортту өнүктүрүүгө көмөгү тие турганын айтты.
Sputnik
Арипов: өлкөдө электрондук коммерцияны өнүктүрүү мерчемделүүдө

Пандемиядан улам чек араларда товар ташуу боюнча ар кандай көйгөйлөр жаралууда. Мындан улам альтернативдүү соода аянтчаларды түзүп, электрондук коммерцияны өнүктүрүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Нурлан Арипов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер электрондук сооданы эл аралык платформалар аркылуу жүргүзсө болот.

Калмуратова: Instagram баракчасы интернет-дүкөн болуп эсептелбейт

"Агенттик соода боюнча эл аралык борбор менен биргеликте электрондук коммерцияны өнүктүрүү аракеттерин көрүүдө. Анын алкагында 18 машыктыруучу каттоодон өткөн 107 компаниянын өкүлүн онлайн төлөм, логистика, стратегия жана сайттын мазмунун толтуруу жана оптимизациялоо сыяктуу төрт багытта окутуу жүргүзөт. Андан кийин аларды ири эл аралык платформалар аркылуу сатуу боюнча мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муну пандемиядан улам чек аралардагы кездешип жаткан көйгөйлөрдөн улам, альтернативдүү соода аянтчаларын түзүү аракети катары баалоого болот", — деди Арипов.

Ошондой эле ал 2021-2025-жылдар аралыгында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча стратегия иштеп чыгуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.