Кыргызстанда доллардын баасы 85 сомго чукулдады

Дүйшөмбүдө эртең менен долларды 81,72 сомдон сатып алып, 81,9 сомго сатып жатышкан. Ошол эле күнү кечинде курс жогорулап кеткен. Ал эми саат 13:30га карата бир катар жерлерде баа 84,80 сом деп коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте АКШ долларынын баасы бир катар банктарда 84.80 сомго чыкты. Мындай курс Valuta.kg порталында көрсөтүлгөн.

Дүйшөмбүдө эртең менен долларды 81,72 сомдон сатып алып, 81,9 сомго сатып жатышкан. Ошол эле күнү кечинде курс тездик менен өсүп 83 сомго чыккан. Ал эми бүгүн, 3-ноябрда, эртең менен Америка валютасынын баасы 82,87 (сатып алуу) жана 82,87 (сатуу) болуп турган.

Бишкек убактысы боюнча саат 13:30га карата доллардын курсу:

  • Сатып алуу — 83,73 - 84,80 сом;
  • Кайра сатуу — 84,13 - 83,9 сом.