Куткаруучулар Бишкекке жакын көлмөдөн эркек кишинин сөөгүн табышты

Кечээ кечке жуук милиция куткаруучуларга Аламүдүн районунун Дачное айылындагы сууда эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат берип, аны чыгарып берүүнү өтүнүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекке жакын ГЭС-5 аймагындагы көлмөдөн 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 2-ноябрь күнү, саат 19:10до милиция куткаруучуларга Аламүдүн районунун Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүндө эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат беришкен.

Бишкектеги батирлердин биринен ӨКМ кызматкерлери кемпирдин сөөгүн табышты

Жерине ӨКМдин №1 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери барып, маркумду суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.