100 миллион сомго барабар арак алынды. УКМК бизнестеги коррупцияны аныктады

Салык кызматынын өкүлдөрү алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ишканаларга чоң өлчөмдөгү салык төлөмдөрүнөн качууга шарт түзүп турган деп айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн кабинеттери жана спирт ичимдиктерин чыгарган компаниялардын кампалары тинтүүгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, иликтөө ишин УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн.

Салык кызматынын өкүлдөрү алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ишканаларга чоң өлчөмдөгү салык төлөмдөрүнөн качууга шарт түзүп турган деп айыпталууда. Ошондой эле товардын анык көлөмүн жашырып, ишкерлердин кызыкчылыгын көздөгөн деген кине коюлуп жатат.

31 млн. сом чыгым. УКМК Ветинспекциянын башчысын кармады

Кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын борбордук аппаратынын жооптуу кызматкерлери менен мекеменин райондук бөлүмдөрүнүн иш кабинети тинтүүгө алынган. Ошондой эле Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан спирт заводдору менен кампалар тинтүүгө алынган. Анын жыйынтыгында 100 миллион сомдон ашык суммага барабар 460 миңдей алкоголдук ичимдик табылган.

"Жеке үйлөрдө жана кампаларда алкоголдук ичимдиктерди тиешелүү уруксаты жок сактагандар аныкталды", — дешти УКМКдан.

Учурда акциздик маркалар текшерилип жатат, андан кийин бюджетке зыян келтирилген акчанын көлөмү аныкталат.