Кыргыз бийлиги Чек ара кызматын УКМКнын карамагына кайтарууну көздөп жатат

Мамлекеттик чек ара кызматы 2012-жылы УКМКнын курамынан чыгарылган. Кайра анын кармагына кайтаруу аракети башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бийлик Чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин кармагына өткөрүүгө белсенип жатат. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда билдирди.

Жапаров аталган маселе чек аралаш аймактардагы көйгөйлөргө байланыштуу каралып жатканын белгилеген. Ал ошондой эле маселени тез арада чечүү үчүн УКМКга тапшырма бергенин айткан.

Мамлекеттик чек ара кызматы 2012-жылы УКМКнын курамынан чыгарылган.