Садыр Жапаров УКМК менен ИИМдин мурдагы жетекчилери изделип жатканын айтты. Видео

Жолугушуулар учурунда 5-6-октябрдагы элдик толкундоо маалында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнүн жоопкерчилигин ким аларын сурашты. Жапаров күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазага тартыларын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделип жатат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусундагы иш сапары учурунда айтты.

Жолугушууларда 5-6-октябрдагы элдик толкундоо маалында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнүн жоопкерчилигин ким аларын сурашты. Жапаров күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын тартыларын билдирди.

"Опумбаев менен Жунушалиев изделип жатат, азырынча маалымат жок. Буйрук берип эл менен милициянын кагылышына себепкер болгондор жазасын алат”, — деди Жапаров.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоо маалында 1 250 киши ооруканага кайрылган. Анын 279у дарыланууга жаткырылып, бир киши каза болгон.