БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алгач иш-чараны 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин, ал эми алыскы аймактарында 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде өткөрүү пландалган. Бирок COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу түзүлгөн жагдайдан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Белгилүү болгондой, эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, каттоочулар мобилдик тиркеменин жардамы менен маалыматтарды топтошот. Киргизилген маалыматтардын сапатын текшерүү жана контролдоо максатында инструктор-контролёрлор үчүн окуу режиминде (жеке кабинет) маалымат базасына кирүү мүмкүндүгү уюштурулган. Бул ишти камсыздоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу пайдалануусуна берилген ноутбуктарды колдонуу пландалган.
Соодаев: эл каттоодо мигранттар тууралуу маалыматтар топтолот
"Бирок 4-октябрдагы парламенттик шайлоого байланыштуу Мамкаттоо кызматына ноутбуктар шайлоонун жүрүшүндө пайдалануу үчүн кайтарылган. Эми ал шайлоонун жыйынтыгы таанылбай, кайра шайлоолор дайындалып жаткандыктан, эл каттоо үчүн ноутбуктарды пайдаланууга добуш берүүлөр аяктагандан кийин гана мүмкүнчүлүк берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Андыктан Улуттук статком тарабынан эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу чечими чыкты.