БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik.Business Insider басылмасы жай иштеп калган компьютердин кыймылын тездетүүнүн жети жолун санап берди.
Адистер кайсы бир программаны колдонууга же тескерисинче, көчүрүүгө сунуш берди. Себеби алар компьютердин иштешине жалпы жонунан таасир этет.
Адис: клавиатураны туура пайдаланбаса, көз менен тери жабыр тартат
- Компьютердин иштешинин начарлашы биринчи кезекте программага байланыштуу. Анын ылдамдыгын калыбына келтирүү үчүн алгач бир убакта иштей турган тиркемелердин санын азайтып, маанилүүсүн алып калуу керек. Кээде зарыл болгон тиркемелер көп орунду ээлеши мүмкүн;
- Браузерден жаңы терезелерин азыраак ачпасаңыз, компьютердин жалпы ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн;
- Компьютерден вирустар жана зыяндуу программалардын бар-жогун текшерип туруу керек;
- Техника жакшы иштеши үчүн күнүнө бир нече жолу өчүрүп-күйгүзүп, "эс алдырып" туруу кажет;
- SSD топтомосун көчүрүп алса, компьютер саналуу секундда ачылып, программаларды кыска убакытта ишке киргизет;
- Windows 10 операциялык системасындагы ReadyBoost функциясын колдонуу менен компьютердин ишин ылдамдатууга мүмкүн;
- Microsoft компаниясынын OneDrive булут сактагычынан баш тарткан оң, анткени сактоо кызматын дайыма синхрондоштуруу системанын ишин жайлатышы мүмкүн.