Кыргызстанга 8 млн. сомдук телефондорду алып кирген шектүү кармалды

Кыргызстандын 32 жаштагы жараны Казакстандан Redmi үлгүсүндөгү 800 смартфонду 40 коробкага салып, Toyota Highlander автоунаасы менен алып келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кечээ кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пункту аркылуу жалпы баасы дээрлик 8 миллион сомдук уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстандын 32 жаштагы жараны Казакстандан Redmi үлгүсүндөгү 800 смартфонду 40 коробкага салып, Toyota Highlander автоунаасы менен алып келе жаткан. Бирок товардын тиешелүү документтери болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Финпол Кытайга 180 млн. доллар чыгарып кетти деген жаранды кармады

Алдын ала маалыматтар боюнча, телефондордун жалпы баасы 7,9 миллион сом деп бааланууда.

Тактоо иштеринен кийин айдоочу менен жүк андан аркы териштирүүлөр үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.