Финпол Кытайга 180 млн. доллар чыгарып кетти деген жаранды кармады

Көмүскө схеманын кесепетинен бюджетке 1,1 миллиард сом зыян келтирилген. Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар кызмат адамдары аныкталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан Кытайга 180 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди.

Финпол Кытайга 180 млн. доллар чыгарып кетти деген жаранды кармады

Аталган органдын Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмү ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүп, салык төлөөдөн качкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт койгону айтылат. Анын алкагында товар сатып алуу деген негиз менен 180 миллион доллардан ашуун каражат Кытайга мыйзамсыз түрдө жөнөтүлгөнү аныкталган.

"Тергөө кылмыштуу топтун жасаган мыйзамсыз иштеринин натыйжасында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,1 миллиард сом зын келтирилгенин тактады. Башкача айтканда, алар ири суммада салык төлөгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип 29-октябрда А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Финпол: алтын казган компаниянын 9 млрд. сом салык төлөбөй жүргөнү аныкталды

Анын эртеси Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы тандалып, №1 тергөө абагына камалган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары аныкталууда.