"Дордойдун" сатуучулары өкмөт үйүнө күч менен кирүүгө аракет жасашты. Видео

Топтошкон митингчилер "чыксын, чыксын!" деп кыйкырып, өкмөттүн имаратына кирүүгө аракет жасашты. Учурда Бишкекте беш митинг өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базарынын сатуучулары митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясындагылар иши таптакыр жүрүшпөй жатканын айтып, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктундагы товарларды өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

Кредиттик мунапыс бергиле! Бишкекте бешинчи митинг башталды. Видео

Топтошкон митингчилер өкмөт үйүнүн алдына келип, имараттын ичине күч менен кирүүгө аракет жасашты. Алар "чыксын, чыксын!" деп кыйкырып жатышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Бишкекте беш митинг өтүп жатат. Алар: "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болгондор, аны колдогондор, кыргыз-кытай чек арасынан жүктү өткөрүү көйгөйү жанына баткандар, "Дордой" базарынын сатуучулары жана саясий куугунтукка каршы болгон "Айымдар кыймылынын" акциясы.