Бишкектин Биринчи май жана Октябрь райондоруна жаңы аким дайындалды

Эки райондун мурдагы башчылары 27-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыздарын жазышкан. Бүгүн алардын ордуна жаңылары дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май жана Октябрь райондоруна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Ага ылайык, Биринчи май районунун башчысы Алибек Биримкулов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Максат Орозбеков дайындалды.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев дагы иштен алынып, ордуна Константин Куценко келди.

Тилек Матраимов кызматына кайттыбы? Расмий жооп

Эки райондун мурдагы башчылары 27-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан.