Эркектерди өлүмгө дуушар кылган жаңы илдет аныкталды

Маалыматка караганда, кан тамырына тромб пайда кылып, денени калтырак бастырган бул оорудан ага чалдыккандардын 40 пайызы көз жумат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШлык окумуштуулар эркектерди гана өлүм коркунучуна кептеген жаңы илдетти таап чыгып, аны VEXAS деп аташты. Бул тууралуу The New England Journal of Medicine журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, кан тамырына тромб пайда кылып, денени калтырак бастырган бул оорудан ага чалдыккандардын 40 пайызы көз жумат.

Адис: бел кубатты бекемдеген дарылар жоон ичегинин рагын алдын алат

"Жаңы табылган илдет иммунитеттин пайда болушуна жооп берген генди (UBA1) мутацияга учуратат. Жыйынтыгында тромб пайда болот, денени калтырак басып, өпкө жабыркайт", — деп айтылат макалада.

Акыркы жылдары иликтөө жүргүзгөн окумуштуулар АКШда UBA1 гени мутацияга дуушар болгон 50дөй эркекти табышкан. Адистер ага кабылган эркектердин саны андан дагы көп болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.