Сасык тумоо менен коронавируска бир убакта кабылуунун кооптуулугу эмнеде

Кош инфекциянын кесепети 65 жаштан жогору адамдарга, кош бойлууларга, ошондой эле диабет, астма жана жүрөк оорулары менен жабыркагандарга көп тиери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бир убакта коронавирус инфекциясы менен сасык тумоого тушуккан организм ооруну жеңе албашы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости британиялык дарыгерлерге таянып жазды.

Медиктин билдиришинче, эки ооруга тең бир убакта кездешкен учурлар бар, бул маалда бейтап ден соолугун калыбына келтиргиче көп убакыт өтөт. Ошондой эле мындай көрүнүш өлүм көрсөткүчүн жогорулатып жиберет.

Чүчкүргөндө же жөтөлгөндө адам өзүн токтотушу керекпи. Адистин жообу

Кош инфекциянын кесепети 65 жаштан жогору адамдарга, кош бойлууларга, ошондой эле диабет, астма жана жүрөк оорулары менен жабыркагандарга көп тиет. Мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн дарыгер социалдык дистанцияны так сактап, бет кап кийүүгө чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус инфекциясынын пандемиясын жарыялаган. Өткөн суткада дүйнө жүзү боюнча 535 928 киши коронавирус жуктуруп, рекордду жаңыртты.