ONE FC: Кыргызстандык Кямран Аббасов чемпиондугун коргоп беттешке чыгат

Мелдеш 6-ноябрда Сингапур шаарында өтөрү белгиленген. Кямран Аббасов жарым орто салмакта америкалык Жеймс Накашими менен кармашат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ONE Championship уюмундагы чемпиондук наамын коргоо үчүн беттешке чыгат. ONE FC уюму беттештин күнүн аныктаганын мушкер өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 

Мелдеш 6-ноябрда Сингапур шаарында өтөрү белгиленген. Аббасов жарым орто салмакта америкалык Жеймс Накашими менен кармашат. Бул кыргызстандык мушкердин курун коргоо үчүн чыккан алгачкы беттеши болмокчу.

Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео

Эске салсак, кыргызстандык мушкер 2019-жылдын 25-октябрында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн мелдеште швециялык Себастьян Кадестамды жеңип, чемпиондук курдун ээси болгон.

ММА спортунун чебери Кямран Аббасов бул уюмда Кыргызстандан чыккан алгачкы чемпион.