Молдовада президенттик шайлоо башталды

Бүгүн молдовалыктар өлкө башчысын тандап жатышат. Шайлоого учурдагы президент Игорь Додон дагы катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. – Sputnik. Молдовада президенттик шайлоо башталды. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дөн 21.00гө чейин ачык болорун Sputnik Молдова агенттиги жазды.

Өлкө башчылыкка сегиз талапкер ат салышууда. Алар: Ренато Усатый ("Биздин партия"), Андрей Нэстасе ("Татыктуулук жана чындык платформасы" партиясы), Тудор Делиу (Молдованын либералдык-демократиялык партиясы) Игорь Додон (көз карандысыз талапкер, учурдагы президент), Виолетта Иванова ("Шор" партиясы), Майя Санду ("Аракет жана тилектештик" партиясы), Октавиан Цыку ("Улуттук биримдик" партиясы) жана Дорин Киртоакэ (UNIREA шайлоо блогу).

Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам арыз берди

Молдованын Конституциясына ылайык, президент төрт жылга шайланат. Шайлоого жашы 40тан өткөн, өлкө аймагында 10 жылдан кем эмес убакыт жашаган жана мамлекеттик тилди билген жаран катыша алат.