Көк бөрү федерациясы: Манас Ниязов улуттук командага кирбей калышы мүмкүн

Манас Ниязов биринчи лигадагы "Ала-Тоо" командасы менен жогорку лигага чыга албаса, улуттук командага кирбей калат. Бул эреже оюнчуга эскертилген.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы мыкты көк бөрү оюнчусу Манас Ниязов өлкөнүн улуттук курама командасына алынбай калышы мүмкүн. Мындай маалыматты өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жогорку лигасында ойнобогон команданын оюнчусу улуттук командага алынбай калат. Бул эреже Ниязовго эскертилген.

"Манас Ниязов биринчи лигадагы жаңы уюшулган "Ала-Тоо" командасында калды. Эгерде ал командасы менен жогорку лигага чыга албаса, улуттук курама командага кирбей, 2021-жылы Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюнуна барбай калышы мүмкүн. Бизде биринчи лигада финалга чыккан эки команда жогорку лигада акыркы орунда калып, ылдыйкы деңгээлге түшкөн команданын ордуна чыгат. Манас жаңы командасы менен Эгемендүүлүк жана Нооруз майрамдарындагы мелдештерде жетишкендик көрсөтөбүз деген ишеним менен ушундай кадамга барышты", — деди Аскарбеков.

Манас Ниязов америкалык улакчыларды машыктыруу үчүн АКШга чакырылды

Спортчу көп жыл бою Оштун "Достук" командасында ойноп, бир нече жолу президенттин кубогу мелдешинде чемпион болгон. Мындан сырткары, Кыргызстандын улуттук курама командасы менен бирге эки ирет Көчмөндөр оюнун уткан. Эки мелдеште тең Манас Ниязов "мыкты оюнчу" деп табылган.

Эскерте кетсек, ал быйыл жаңы уюшулган "Ала-Тоо" командасына өттү.