Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты

Эргеш Алиев дегенде балким азыркы жаштардын эсине дароо Ички иштер министрлигинин академиясы келер. Бул кишинин аты ири окуу жайга бекеринен коюлуп калган эмес.
Sputnik

Эргеш Алиев тарыхта кыргыз милициясынын түптөлүшүнө салым кошуп, эмгеги үчүн алгачкылардан болуп генерал-майор наамын алган инсан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бүгүн, 1-ноябрда, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин күнүнө карата легендарлуу генерал-майор атыккан Эргеш Алиев тууралуу фактыларды сунуштайт.

Жалал-Абаддын кулуну

Эргеш Алиев 1905-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды кыштагында көп балалуу дыйкандын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Атасы колунан көөрү төгүлгөн уста болуп, айылдаштары Али уста деп коюшчу. Эргеш жаштайынан жалданып иштеп, үй-бүлөсүн бакканга жардам берген.

Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты

Басмачылар менен аеосуз күрөшкөн

1921-жылы басмачылыкка каршы күрөшүү отрядынын жетекчилиги менен таанышып, кызматтын агенти болуп иштеп калат. 1927-жылы Кызыл Армиянын легендарлуу кыргыз атчандар дивизиясына кызмат өтөөгө чакыртылган.

1930-жылы өзү туулган Сакалды айылына кайтып келип, жергиликтүү элдин колдоосу менен ошол жактагы колхоздун башкармасы, андан кийин Кагазды айылдык кеңешинин төрагасы болгон. Ошол эле жылы партиянын облустук комитетинин чечими менен жакыр үй-бүлөдөгү 300 адам менен Фрунзедеги жетекчилик кызматтарга жөнөтүлгөн. Ал жакта Алиев элдик соода комиссарынын орун басары болуп дайындалган.

1931-жылы борбор калаадан үй алгандан кийин үй-бүлөсүн дагы алып кетүү үчүн келет. Биротоло аскер досторуна жолуга кетүүнү ойлогон. Алар Эргеш Алиевге басмачылар менен күрөшүүсү үчүн ыктыярчылар отрядын түзүүнү өтүнүшкөн. Жаш жигит сунуштан баш тартпай, басмачылардын ана башында турган Самидин, Абдраим, Акмат, Паяз-пансат жана башка көптөгөн адамдарга каршы турган.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

Эрдиги үчүн жаш командирге ат, бычак, тапанча белекке берилип, көптөгөн мактоо баракчалары менен сыйланган. Рахман паңсат жана Абдыганы эшендин топторун жок кылганы үчүн Эмгек Кызыл Туу орденине сунушталган.

Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты

Согуштан кайра чакыртылган

Улуу Ата Мекендик согушта 107-атчандар дивизиясынын курамында фронтко жөнөтүлүп, бирок көп өтпөй кайра чакыртылган. Анткени бандиттер жана диверсанттар менен күрөшүү үчүн тажрыйбалуу адистер керек эле.

Бир нече облуста начальник болгон

Эргеш Алиев каракчылык, талап-тоноочулук, ууру-кески, тыюу салынган товарларды мыйзамсыз жүгүрткөндөргө кескин чара көрүп, оор кылмыштардын бетин ачкан.

Алгач милициянын Базар-Коргон, Токмок райондук бөлүмдөрүн башкарган. 1934-1941-жылдары милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы, милициянын Тянь-Шань облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. Согуш жылдары Ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1946-1947-жылдары милициянын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Андан соң Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас облустук башкармалыктарынын башчысынын орун басары, 1956-1959-жылдары милициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, милициянын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгын аркалаган.

Жүрөгү тоо жигиттер гана барат! "Альфа" элиталык кызматы тууралуу 8 факты

Сержанттан генерал-майорго чейин

Эргеш Алиевге 1937-жылы милициянын сержанты, 1940-жылы улук лейтенанты, 1943-жылы майору, 1945-жылы подполковниги, 1950-жылы полковниги наамдары берилген. СССР Ички иштер министрлигинин 1956-жылдын 18-сентябрындагы №1010 буйругу менен ага "III даражадагы милициянын комиссары (милициянын генерал-майору)" наамы ыйгарылган. Буга чейин кыргыз милиционерлеринен ичинен мындай наам бериле элек болчу.

Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты

40 жыл иштеп жумуштан кеткен

СССРдин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин 1968-жылдын 13-сентябрындагы №516 буйругу менен Эргеш Алиев ден соолугуна байланыштуу отставкага кеткен. Ички иштер органдарындагы эмгек стажы — 40 жыл 9 ай, 17 күн.

Пенсияга чыккандан Ош ОИИББдин ардагерлер кеңешинин башчысы, Согуш жана эмгек ардагерлеринин облустук уюмун жетектеген. 1994-жылы көз жумган.

Ысымы ыйгарылган жерлер, сыйлыктар

Эргеш Алиев Ленин, Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, эки ирет Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ички иштер министрлигинин академиясына Эргеш Алиевдин ысымы 2000-жылдын 15-январында ыйгарылган. Ага чейин 1969-жылдан СССР ИИМдин алдындагы милициянын Фрунзедеги атайын окуу жайы, 1991-жылдан бери ИИМдин Бишкектеги жогорку окуу мектеби деп аталчу.

ИИМдин академиясынын тышкары мектеп, көчөгө ысымы берилип, Бишкекке эстелиги коюлган.

Эргеш Алиев — милиционерлердин "атасы". Легендарлуу генерал тууралуу 9 факты

Турмушу

Аялы Авас аны менен жашташ болгон. Жубайлар Адолат, Макпурат, Тамара аттуу кыздарды жана Эркин, Бектур аттуу уулдарды тарбиялашкан.

Небереси Аскар Бектемиров чоң атасынынын атындагы фондду жетектейт.

Небересин атып кетишкен

2008-жылы 4-августта түнкү саат он бирге жакын Ички иштер министрлигинин баңги соодасына каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Анвар Алиев белгисиз бирөөнүн огунан каза болгон. Анын атып өлтүрүлүшүнө кызматы, тагыраак айтканда, баңги соодасына аралашкан адамдардын Алиевдин күрөшүн өлүм менен токтотуу аракети негиз болгону айтылган. Ошол кезде милиционер 30 гана жашта эле.

Сөөгү чоң атасы, атактуу генерал Эргеш Алиев коюлган Ноокен районундагы Сакалды айылында жерге берилген.