ЖМК: Ким Чен Ын мурдагы сүйүктүүсү менен эл алдына чыга баштады

Хён Сон Воль менен корей лидеринен сүйүүсү тууралуу ЖМКлар көптөн бери жазып келет. Бирок алардын мамилесинин бар-жогу расмий тастыкталган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кайрадан эл алдына мурдагы сүйүктүүсү деп айтылып жүргөн ырчы Хён Сон Воль менен чыга баштады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын ЖМКларындагы маалыматтарга таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, учурда "Эмгек" партиясынын бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген Хён Сон Воль өлкө лидерин коштоп жүрө баштады. Буга чейин бул милдет Ким Чен Ындын карындашы Ким Ө Чжондун мойнунда болчу. Бирок ал өкмөттө АКШ жана Түштүк Корея менен дипломатиялык мамилелер сыяктуу олуттуу иштер менен алектенип жатканы айтылат.

Хён Сон Воль менен корей лидеринен сүйүү мамилелери тууралуу ЖМКлар көптөн бери жазып келет. Өткөн жылдары ырчы айым Ким Чен Ын менен эл алдына чыгып жүргөн. Бирок алардын мамилесинин бар-жогу эч качан расмий тастыкталган эмес.

Ким Чен Ын бийлигинин бир бөлүгүн карындашына өткөрүп берди

Дүйнөлүк ЖМКлардын жазганына караганда, экөө 2000-жылдардын башында таанышкан. Кийин алардын мамилесине ошол учурдагы өлкө лидери Ким Чен Ир каршы болуп, кызды өзүнүн күзөт кызматындагы офицерлердин бирине турмушка берген. Анын никеси аскер адамы менен расмий катталгандан кийин деле Ким Чен Ын менен жашыруун жолугуп жүргөнү айтылат.

2013-жылы гезиттерге "Хён Сон Воль аттуу ырчы аял менен 11 музыкантты порнографиялык маанидеги продукция даярдагандыгы жана Библия алып жүргөндүгү үчүн атып салышкан" деген маалымат тараган. Бирок жарым жылдан кийин ошол эле ырчынын мамлекеттик каналдан ырдап чыкканы белгилүү болгон.