Футболчу Гүлжигит Алыкулов жаракатынан сакайып, оюн талаасына чыкты

30-октябрда алматылык команда чемпионаттагы эзелки атаандашы "Астана" клубуна конокко барган. Гүлжигит беттештин 57-мүнөтүндөгү алмашууда оюн талаасына чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Казакстандын "Кайрат" клубунун кыргызстандык футболчусу Гүлжигит Алыкулов жаракатынан айыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 

Маалыматка ылайык, кечээ алматылык команда чемпионаттагы эзелки атаандашы "Астана" клубуна конокко барган. Гүлжигит беттештин 57-мүнөтүндөгү алмашууда оюн талаасына чыккан.

"Кайрат" 0:1 эсебинде утуп, мелдеш жадыбалында ат чабым алдыга озду. 16 турдун жыйынтыгы менен Гүлжигиттин командасы 41 упай менен ишенимдүү түрдө көч баштап келет. Кийинки катардагы "Астана" менен "Ордобасы" лидерден 14 упай артта. Алардын дагы бир оюн запасы бар.

Кыргызстандык футзалчы Ильяс Чотбаев Тажикстанда чемпион болду

Алматалыктар чемпионаттын алкагындагы биринчи беттеште астаналыктарды 3:0 эсебинде уткан. Анда кыргызстандык футболчу беттештеги алгачкы жана чемпионаттагы дебюттук голун киргизген. Алыкулов ошондой эле калган эки голго да көмөк көрсөткөн.

Эске салсак, 22-октябрда чемпионаттын 14-турунда "Кайрат" — "Каспий" беттешинин 19-мүнөтүндө алматылыктардын кезектеги чабуулу учурунда Гүлжигит Алыкулов сол тизесинен жаракат алган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин футболчу 22-мүнөттө алмаштырылган.

Бишкектин "Дордой" клубунун тарбиялануучусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында Беларустун "Неман" клубунан эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. 2019-жылы ал "Кыргызстандын мыкты футболчусу" деп табылган.