ЕАЭБ өлкөлөрүндө автотранспортко электрондук паспорт бериле баштайт

Бүгүндөн баштап Россияда автотранспортторго мурдагыдай кагаз паспорттор берилбей калат. ЕАЭБге кирген мамлекеттер дагы акырындык менен ушул ыкмага өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө автотранспортко электрондук паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Федералдык бажы кызматына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"1-ноябрдан баштап Россияда автотраспортторго мурдагыдай кагаз паспорттор берилбей калат. ЕАЭБге кирген мамлекеттер дагы акырындык менен ушул ыкмага өтөт. Учурда кагаз документтери барлар анын мөөнөтү бүткүчө же алмаштырууга жүйөлүү себеп болмоюнча аны колдоно берсе болот. Эмки алмаштырганда гана кагаз документтин ордуна электрондук паспорт берилет", — деп айтылат кабарда.

Кыргызстандыктар ЕАЭБ аймагынан ишти мобилдик тиркеме менен таба алат

Автотранспортко электрондук паспорт берүү былтыркы жылдын 1-ноябрынан тарта башталышы керек эле. Бирок ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн даярдыгын эске алуу менен мөөнөт бир жылга узартылган.

Автоунаанын электрондук паспорту анын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринен экинчисине ээн-эркин өтүп жүрүүсүнө шарт түзүп, каттоого тургузуу процессин жеңилдетет. Ошондой эле мамлекеттик тиешелүү органдарда автоунаа боюнча толук маалымат сакталып турат.