Түркиядагы зилзала. Каза болгондордун саны 24кө жетип, 804 киши жабыркады

Измир шаарынын тургундары катуу жер силкинүүдөн кийин үйлөрүнө кирүүдөн коркуп, таңды көчөдөн атырышканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (AFAD) маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жаратылыш кырсыгынан 804 адам жабыркаган.

Эске салсак, кечээ, 30-октябрда, Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

Жер силкинүү Грециянын аралында да сезилип, жергиликтүү сейсмологдор анын күчүн 6,9 баллга жетти деп баалашкан.

ЖМКлар маалымдагандай, Самос аралында эки бала көз жумуп, 20дай адам жаракат алган.