Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам арыз берди

Кыргызстанда президенттик шайлоо күнү 10-январга белгиленген. Жарышка катышууга ниеттенгендер БШКга кайрыла баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына төрт адам арыз берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылыгына эң биринчилерден болуп 30-октябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров талапкерлигин көрсөткөн.

Ал эми бүгүн “Аурдин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Арстанбек Абдылдаевден БШКга арыз келип түшкөн. Ал президенттикке талапкерлигин өзү көрсөткөн.

Ошону менен катар Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча 38 жаштагы “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун башкаруучулугунун төрагасы Кубан Чороев арыз берген.

Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырып, шайлоого катыша турганын айтты

Төртүнчү болуп “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти, 58 жаштагы Назарбек Нышанов талапкерлигин өзү көрсөтүп БШКга кайрылган.

Кыргызстандын президентин шайлоо күнү 10-январга белгиленген.