COVID-19 сиздин жашооңузга кандай таасир этти? Сурамжылоого катышыңыз

Алынган маалыматтар COVID-19га байланыштуу кыйынчылыктар, элдин психологиялык абалы, жумушунан ажырашы, гигиена жана өздүк коргонуу каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү боюнча реалдуу картинаны көрүүгө жардам берет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети COVID-19 үй чарбаларына тийгизген таасирин баалоо максатында кыргызстандыктар арасында сурамжылоо жүргүзүп жатат.

Суроолорго ведомствонун сайтындагы тиркеме аркылуу жооп берсеңиз болот. 

Ага жашы 15тен өткөн ар бир жаран катышат алат.

Сурамжылоонун жүрүшүндө алынган маалыматтар COVID-19 оорусу менен байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар, алардын психологиялык абалы, жумушунан ажырашы, гигиена жана өздүк коргонуу каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү боюнча реалдуу картинаны көрүүгө жардам берет.

COVID-19 жугузуп алган киши кайсы учурда өтө кооптуу

Мындан тышкары, сурамжылоо жарандардын материалдык абалын субъективдүү баалоого мүмкүндүк түзөт.