Баткенде коронавирустан үч бейтап көз жумду

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 145ке жетти. Ал эми жуктургандардын саны 58 878 болсо, анын ичинен 49 983 бейтап айыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда кечээтен бери коронавирус үч кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, каза болгон үч бейтап тең Баткен облусунун тургундары.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 145 болду. Ал эми жуктургандардын саны 58 878ге жетсе, анын ичинен 49 983 бейтап айыкты.

Өткөн суткада 484 кишиден коронавирус табылса, 461 бейтап ооруну жеңди

Медиктер арасында оору жуктурган жалпы 3 613 учур катталып, андан 3 324 медкызматкер ооруну жеңген.