БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Республикалык штаб пандемия башталгандан бери коронавирустан көз жумгандар кайсы аймакта көп болгонун айтып, жалпы статистиканы жарыялады.
Билдирмеге ылайык, өлкө боюнча COVID-19дан Бишкек менен Чүй облусунан көп киши көз жумган.
Каза болгондордун жалпы статистикасы:
- Бишкек шаары — 558;
- Чүй облусу — 144;
- Ысык-Көл облусу — 83;
- Ош облусу — 82;
- Ош шаары — 67;
- Жалал-Абад облусу — 65;
- Нарын облусу — 65;
- Баткен облусу — 51;
- Талас облусу — 30.
Коронавирус жуктургандар боюнча да Бишкек шаары биринчи орунда турат. Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынан да COVID-19 көп кишиден аныкталган.
Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 145 болду. Ал эми жуктургандардын саны 58 878ге жетсе, анын ичинен 49 983 бейтап айыкты.