Кантта күзөтчүнү сабап, банкоматты түн ичинде тоноп кеткендер кармалды

Бир нече күндөн кийин жиптин учугу табылып, милиция шектүү делген 35, 28 жана 21 жаштагы жарандарды Бишкектен кармаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кант шаарында бет капчан белгисиз адамдар түнкү саат 3:00дөр чамасында күзөтчүнү сабап, коммерциялык банктын банкоматын талкалап, 1 400 000 сомду алып из жашырган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Окуя 21-октябрда болгон.

Кантта күзөтчүнү сабап, банкоматты түн ичинде тоноп кеткендер кармалды

Райондук милиция издөө иштерин жүргүзүп, тоноо болгон имараттагы адамдар суралып, тегеректеги коюлган камералардагы видеолор тыкыр текшерилген.

Бир нече күндөн кийин жиптин учугу табылып, шектүү делген 35, 28 жана 21 жаштагы жарандар Бишкек шаарынан колго түшкөн.

Кармалгандар кылгандарын моюнга алып, ал тоноодон башка Ысык-Ата районунун аймагында дагы бир катар чоочун бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо кылмыштарына катышкандыктарын айтып беришкен.

Учурда алар аталган райондун милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.