Италиядагы үйлөр 1 еврого сатылат. Айрымдары 52 жылдан бери бош

Шаар бийлиги ремонтко муктаж болгон имараттарды сатып алууну сунуштоодо. Айрымдары 1968-жылдагы жер титирөөдөн бери ээнсиреп, бош турат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Италиянын Сицилиядагы Салеми шаарында 30дан ашык үй 1 еврого сатылат. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, шаар бийлиги ремонтко муктаж болгон имараттарды сатып алууну сунуштоодо. Айрымдары 1968-жылдагы жер титирөөдөн бери ээнсиреп, бош турат.

"Шаардык кеңеш кыйраган райондорду калыбына келтирип, инфраструктураны, жолду, электр түйүндү жана канализацияны жакшырткан. Шаарда каалаган бюджетке жараша кафе, ресторан, музейлер бар. Муну менен бийлик потенциалдуу кардарларды тартуу максатын көздөөдө", — деп айтылат маалыматта.

Бул үйлөрдүн болочоктогу ээлери курулуш ремонттолуп бүткүчө жыл сайын 250 евро өлчөмүндө камсыздандырууну төлөп турушу керектиги кошумчаланды.