Айыл чарба жаатында 100 күндүн ичинде көзгө көрүнө турган иштер аткарылып калат. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мүмкүнчүлүк берилсе аталган тармакта узак мөөнөттө жасала турган пландар дагы ишке ашырылат.
Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат
"Кыска мөөнөттө ишке ашып жана узак убакытта өзүнүн жемишин бере турган пландар бар. 100 күндүн ичинде коомчулуктун көзүнө көрүнүп, сезиле тургандай натыйжаларга жетишүүнү көздөп жатабыз. Кийин эл тарабынан дагы да ишеним артылса, системалуу өзгөрүүлөр жасалат. Кыргызстандын айыл чарбасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү зарыл. Кайсы гана өлкөдө болбосун биздин продукциялар мыкты сапатта болуп, Кыргызстандын бренди катары мыкты азыктарды чыгарууга жетишүү керек", — деди Токтогазиев.
Министр жыл этегине чейин аталган тармакты санариптештирүү боюнча иштер аяктап кала турганын кошумчалады.