Дана Уайт Хабиб Нурмагомедовдун октагонго кайтып келерин боолголоду

Акыркы беттешинен кийин россиялык мушкер менен UFC башчысы жолугуп сүйлөшүп, жеңиштен кийин өтө эле эмоционалдуу болгонун белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт жеңилбес чемпион Хабиб Нурмагомедов атасы үчүн кайра беттешке чыгышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал CBS Sports Radio эфиринен билдиргенин "Известия" маалымат булагы жазды.

Россиялык мушкердин акыркы, Жастин Гэтжи менен болгон беттешинен кийин Уайт ага жолугуп сүйлөшкөн. UFC башчысы мушкер акыркы жеңишинен кийин өтө эле эмоционалдуу болгонун белгиледи.

"Менде Хабиб 30-жеңиши үчүн октагонго кайтып, көрсөткүчүн 30:0 кылгысы келет деген сезим бар. Ал спорттон таптакыр кетти деп ойлобойм. 30:0 деген чек атасынын каалоосу болчу. Хабиб кайра келип, атасынын каалоосун аткарат деп ойлойм", — деген Уайт.

UFC: Хабиб Нурмагомедов мыктылардын мыктысы болуп алдыңкы сапка чыкты

Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжини муунтуу ыкмасы менен экинчи раундда утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону наамын үчүнчү ирет ийгиликтүү коргоду. Акыркы беттешин мушкер июль айында коронавирус инфекциясынан каза болгон атасы Абдулманап Нурмагомедовго арнап, спорттон кетерин жар салды.

Россиялык мушкер ММА спортунда жалпысынан 29 беттеш өткөрүп, баарын уткан. Анын 13үн UFC мелдешинде жеңген.