Шайиста Шатманова ЭлТР башчылыгынан кетип, ордуна башка жетекчи дайындалды

Шатманова аталган кызматка 19-октябрь күнү дайындалган. Бирок жамаат ага каршы болуп, 26-октябрда нааразычылык акциясына чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik.Шайиста Шатманова ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Анын ордуна телеканалда режиссер болуп эмгектенген Эрлан Догдурбеков дайындалды.

Эске салсак, Шайиста Шатманова аталган кызматка 19-октябрь күнү дайындалган. Ал эми жамаат ага каршы болуп, 26-октябрда нааразычылык акциясына чыгышкан.