Нургазы Анаркулов президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Аталган бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Наргиза Мансурова бул кызматта ушул жылдын 13-январынан бери иштеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы алмашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган кызматка Нургазы Анаркулов дайындалды. 

Галина Байтерек президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды

Ал эми аталган бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Наргиза Мансурова бул кызматта ушул жылдын 13-январынан бери иштеп келген.