Лукашенко КРдеги элдик кошуунга суктанып, Беларуста да түзүүнү тапшырды. Видео

Беларусь лидери күч түзүмдөрүнө Кыргызстандагы башаламандык учурунда элдик кошуундар коомдук тартипти жөнгө салганын мисал келтирди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко үч айдан бери токтобой жаткан нааразычылык акциясынан улам күч түзүмдөрүнө көмөктөшүү үчүн элдик кошуундарды түзүү зарылчылыгы жаралганын билдирди.

Ал Кыргызстандагы башаламандык учурунда укук коргоо органдары эмес, элдик кошуундар коомдук тартипти иретке келтиргенин кол алдындагыларга мисал келтирди.

Беларусь президентинин билдирүүсү мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланган.

"Кыргызстанда кандай болгонун көрдүңөрбү? Анык хаос, бардык күч түзүмдөрү качып кеткен, өлкөнү коргоого эч ким калган эмес. Бул учурда ким жоопкерчиликти өзүнө алды? Элдик кошуундар. Алар качып кеткен милиционерлерди, атайын кызматты жана аскерлерди өзүнүн катарына тартты. Ошентип аябай күчтүү элдик кошуун түзүштү. Натыйжада бир сутканын аралыгында бардык башаламандыкты токтото алышты", — деди Лукашенко.

Лукашенко президенттиктен кетүүнү сунуштаган Макронго жооп кайтарды

Мындан улам ал Беларуста дагы элдик кошуундарды түзүп, аларды мурда күч түзүмдөрүндө иштеген аскерлер менен күчтөндүрүү керектигин белгиледи.

Лукашенко мындай тапшырманы жаңы кадрдык дайындоолор боюнча жарыялап жатып берген. 

Кечээ Беларустун ички иштер министри Юрий Караев ээлеген ордунан бошотулуп, анын ордуна мурда Минск шаардык аткаруу комитетин жетектеп келген Иван Кубраков дайындаган.