COVID-19га кабылган бейтаптарга Кызыл жарым ай коому жардам берүүдө

Мобилдик бригада бейтаптарды биринчи кароодон өткөрүүгө көмөктөшүп, кычкылтек концентраторун беришет. Ошондой эле ооруканага жаткырып, жеринде биринчи жардам көрсөтө алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Бишкектеги Кызыл жарым ай коому COVID-19га кабылгандарга тез жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, Кызыл жарым ай коомунун бригадасына окуудан өткөн ыктыярчылар, медициналык академиянын дарыгерлери жана студенттери тартылган.

"Мобилдик бригада бейтаптарды биринчи кароодон өткөрүүгө көмөктөшүп, кычкылтек концентраторун беришет. Ошондой эле ооруканага жаткырып, жеринде биринчи жардам көрсөтө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгер коронавируска кабылган балдарды дарылоонун өзгөчөлүктөрүн айтты

Бишкек шаарынын тургундары оорунун белгилери байкалган учурда 0502 300 190 номерине (мобилдик бригада) чалып, кайрыла алышат.