Өткөн суткада COVID 596 кишиден табылды. 90 бейтаптын абалы өтө оор

Кечээтен бери жети медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, ошол эле учурда жети медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бир суткада Кыргызстанда коронавирус 596 адамдан табылып, 425 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 136;
  • Ош – 23;
  • Чүй облусу – 89;
  • Ош облусу – 64;
  • Талас облусу – 39;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Баткен облусу – 112.

COVID-19 жугузуп алган киши кайсы учурда өтө кооптуу

Айыккандар:

  • Бишкек – 90;
  • Ош шаары – 27;
  • Чүй облусу – 39;
  • Ош облусу – 59;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 21;
  • Жалал-Абад облусу – 85;
  • Баткен облусу – 86.

Коронавирус: борбор калаанын ооруканаларында 149 орун бар

Учурда стационарларда 3 359 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен:

  • 78 – канааттандырарлык абалда;
  • 2 314 – орто оор абалда;
  • 877 – оор абалда;
  • 90 – өтө оор абалда.

3 814 бейтап медициналык жардамды амбулатордук шартта алышууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча жети медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле учурда жети медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.