Казакстандын президенти Кыргызстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Казак президенти менен Кыргызстандын тышкы иштер министри кыргыз-казак кызматташтыгынын ар тараптуу маселелерин талкуулашты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Нур-Султан шаарына иш сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда министр Кыргызстанда саясий абал турукташып, өлкө мыйзам талаасына келгенин айтты. Ал ошондой эле кыргыз тарап мурда жетишилген эл аралык милдеттенмелерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толук аткара турганын белгилеген. 

Казакстандын президенти Кыргызстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Казакбаев казак тараптын тынчсыздануусун эске алуу менен кыргыз өкмөтү казак инвесторлорунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзамдын чегинде зарыл чаралар көрүлө тургандыгын кошумчалаган.

Новиков: товар өткөрүү маселесин Кытай менен эмки жумада сүйлөшөбүз

Тараптар ошондой эле кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана транзиттик-логистикалык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле алдыдагы өз ара кызматташтык тууралуу маселелерди талкуулашты.

“Министр менен президент COVID-19 илдетинин жайылышына каршы биргеликте аракеттерди көрүүгө өзгөчө көңүл бөлүштү. Мындан сырткары, пандемия тушундагы Кыргызстан жана Казакстандагы социалдык-экономикалык абалды талкуулашты”, — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын жаңы жетекчилигине колдоо сөзүн айтып, ишине ийгиликтерди каалады.