БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте эки жеңил унаа кагышканын "Короче" Telegram-каналы кабарлады.
Кырсык 29-сентябрь күнү саат 22:20 чамасында Исакеевге жакын Чокан Валиханов көчөсүндө болгон.
Алайда жүк ташуучу унаалар кагышып, 51 жаштагы жүргүнчү көз жумду
"Toyota Camry менен BMW унаасы кагышты. Жеринде милиция иштеп жаткан. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок", — деп билдирди окуянын күбөсү.
Укук коргоо органдары жол кырсыгы болгонун тастыктады. Кырсыктын жагдайлары териштирилип жатат.