Министр Бейшеналиев: мугалимдердин кагаз иштери азайтылат

Белгилей кетсек, мектептерде мугалимдер убактысынын көпчүлүгүн кагаз иштерине короторун айтып, нааразы болгондор аз эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Мектеп мугалимдеринин кагаз иштерин азайтуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев Facebook аркылуу түз эфир учурунда колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Бул маселе боюнча кайрылгандар абдан көп. Ансыз да түйшүгү арбын мугалимдерибиздин жүгүн жеңилдетиш үчүн комиссия түзүлүп, кагаз иштерин кыскартуу боюнча иштеп жатышат", — деди министр.

Жумабаева: мектепте методисттер иштеши керек

Белгилей кетсек, мектептерде мугалимдер убактысынын көпчүлүгүн кагаз иштерине короторун айтып, нааразы болгондор аз эмес. Бул көйгөйдү өлкө жетекчилигине чейин айтып, мугалимдердин "Кут Билим" гезити аркылуу даттануулар байма-бай жарыяланып турат.