Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт

Оорукананын ар бир бөлмөсүндө жуунуучу жайы, дааратканасы бар. Ошондой эле оор абалдагы бейтаптарды жылдырбай кароого шарттар түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ош шаарында салынып жаткан жаңы оорукана ноябрдан тарта коронавируска кабылган бейтаптарды дарылай баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулуш иштери менен таанышып, куруучулар менен сүйлөшкөн.

Калаа башчысы жаңы салынып жаткан ооруканада бардык ыңгайлуу шарттар эске алынып, керектүү жабдыктар менен жабдылганын айткан.

"Оорукананын ар бир бөлмөсүндө жуунуучу жайы, дааратканасы бар. Ошондой эле оор абалдагы бейтаптарды жылдырбай кароого шарттар түзүлгөн. Медициналык мекеме үч бөлүмдөн турат. Жалпы 100 орундуу", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте инфекциялык оорукананын жаңы корпусу курулуп бүттү. Видео

Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын эски имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Эски имарат 180 орундуу. Жалпысынан жугуштуу илдеттер ооруканасы 280 орундуу боло турганы кошумчаланды.

Эске салсак, коронавирус менен күрөшүүдө оорукана жана орундардын санын көбөйтүү максатында Бишкек, Ош жана Нарын шаарларына тез курулуучу ооруканалар салына баштаган. Бишкек шаарындагы медициналык мекеме бейтаптарды кабыл алууга даяр.