Күйөө баласы сабады делген аял көз жумду. Таякталган кызы өткөн жумада каза болгон

Ош шаарында ушул жылдын 22-октябрында 29 жаштагы кош бойлуу аялын өлтүрүүгө шектелген киши эртеси күнү Бишкек шаарынан кармалган. 32 жаштагы шектүү аялына жана кайненесине кол салганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ошто күйөө баласы сабады делген 48 жаштагы аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Күйөө баласы сабады делген аял көз жумду. Таякталган кызы өткөн жумада каза болгон

Эске сала кетсек, Ош шаарында ушул жылдын 22-октябрында 29 жаштагы кош бойлуу аялын өлтүрүүгө шектелген киши эртеси күнү Бишкек шаарынан кармалган. 32 жаштагы шектүү аялына жана кайненесине кол салган деп айтылат.

"Аялы окуя болгон жерде каза болуп, кайненеси оор абалда шаардык ооруканага жеткирилген. Шектүүнүн кош бойлуу аялы 29 жашта болгон. Өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, аны мындай оор кылмышка кызганыч түрткөн. Учурда бул маалыматтар дагы текшерилип жатат", — дешти милициядан.

Бул факт боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү")  менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, окуяны ар тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Маалыматка ылайык, күйөө баласынын токмогунан каза болду делинген аял 22-октябрдан бери шаардык ооруканада дарыланып жаткан. Ал 27-октябрь күнү алган жараатынан улам көз жумду.

Шектүү Ош шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынып, калаадагы №5 тергөө абагына 24-декабрга чейин калтырылды.