Бельгияда куруучу имарат оңдоп жатып 1941-жылы жазылган кат таап алган. Сүрөт

Эки купондун арткы бетине жазылган кайрылуу ширеңкенин кутучасына салынган. Аны ошол убакта иштеген куруучулар жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бельгиянын Антверпен шаарындагы Ыйык Иаков чиркөөсүн оңдоп жаткан куруучу 1941-жылы жазып калтырылган кат таап алды. Бул тууралуу шаардын Instagram-аккаунтунда жарыяланды.

Эки купондун арткы бетине жазылган кайрылуу ширеңкенин кутучасына салынган. Аны ошол убакта иштеген куруучулар жазган.

"Бул шыпты качандыр бир кезде кайра сырдап калышыңар мүмкүн. Бирок ал учурда биз жок болобуз. Биз кийинки муунга жашообуз канчалык оор болгонун гана айткыбыз келди", — деп жазылган катта.

"Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым". Фронттон келген катты барактап

Ошондой эле жумушчулар эки согушту (1914 жана 1940-жылдардагы) башынан өткөргөнүн айтып, урпактарга ун, буудай, күрүч, кофе жана тамекини запастап жүрүүнү кеңеш беришкен. Анткени өздөрү көп учурда ачка иштегенин айтышкан.

"Жашоодон ырахат алгыла. Убагынан өткөрбөй үй-бүлө кургула. Үй-бүлөсү барлар үйгө эртерээк кайткыла", — деп аяктаган кат.

Социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары бул кат аларды убайымга салып койгонун моюндашты.