БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды жаткыруу үчүн 181 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымат 29-октябрь күнү саат 16:00гө карата берилди.
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 9;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 4;
- Улуттук хирургия борбору — 5;
- Улуттук госпиталь — 0;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 22;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 13;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 90;
- Темир жол ооруканасы — 0;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 17.