Кара-Суу: чакырылган тез жардам унаасы талкаланып, кызматкерлер качып кутулду

Териштирүү иштеринде медиктердин унаасынын терезесин талкалаган адам мас болгону аныкталып, өзү кызматкерлер кеч келгени үчүн мындай кадамга барганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунда чакырууга барган Тез жардам кызматынын унаасын талкалап салышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Ош шаардык Тез жардам кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 29-октябрда, саат 18:30дар чамасында Кара-Суу районунун Бирлешкен айылынын тургуну апасынын кан басымы көтөрүлгөндүктөн Тез жардам кызматын чакырган.

"Унаа 11 мүнөттүн аралыгында жетип барып, аялдын кан басымын өлчөп жатканда медиктерди чакырган жаран айдоочуну ур-токмокко алган. Андан соң автоунааны талкалап салган. Ал жерден фельдшер менен айдоочу араң качып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кара-Суу: чакырылган тез жардам унаасы талкаланып, кызматкерлер качып кутулду

Түндө Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып, 4 киши жабыркады. Видео

Ош облустук милициясынын билдиришинче, териштирүү иштеринде медиктердин унаасынын терезесин талкалаган 56 жаштагы киши мас болгону аныкталып, өзү мындай кадамга кызматкерлер кеч келгени үчүн барганын айткан. Учурда ал Кара-Суу РИИБге алынып келип, сурак берүүдө. Ошондой эле Тез жардам кызматынын айдоочусу менен дарыгери көрсөтмө берип жатышат.

Аталган окуя Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.